Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Премьер-министр Бишкек шаар башчылыгына талапкер көрсөтпөйт


Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат камсыздоо бөлүмүнөн “Азаттыкка” кабарлашкандай, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мэр шайлоого байланыштуу Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду.

Анда демократиялык принциптерди мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин өркүндөтүү жана шаардык депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында өкмөт башчы шаар жетекчилигине талапкерди көрсөтпөй тургандыгы айтылат.

Депутаттар шайлоочулардын мүдөөсүн эске алып, кесипкөй, тажрыйбалуу иш билги талапкерди тандап, ал шаар жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн иштейт деген үмүтүн билдирген. Өкмөт башчы ошондой эле мэр шайлоо жараяны жогорку деңгээлде жана мыйзам чегинде өтөрүнө ишеним арткан.

“Борбордун макамы жөнүндө” мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди Бишкек шаардык кеңештеги фракциялар, башкаруучу коалиция, оппозициялык азчылык жана премьер-министр көрсөтө алат.

Шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк мэрлик кызматка азыркы шаар башчысы Албек Ибраимовду көрсөткөн. Ал эми оппозициялык азчылыкта калган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштады. Мэр шайлоо 11-январда өтмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG