2017-жылдын биринчи күндөрү орус рубли доллар жана еврого карай бекемделип, 3-январда Москва акча соодасында бир доллар 60.51 рубль, бир евро 62.76 рубль деп бааланды. 2016-жылды рубль доллар жана еврого карай абдан бекемделген экинчи валюта катары жыйынтыктады. Бир гана Бразилиянын реалы өткөн жылы долларга карай 70% бекемделип, биринчи орунга чыккан. Орус рублинин бекемделишине мунайга баанын көтөрүлүшү, Орусия экономикасынын өсө башташы жана Дональд Трамптын бийликке келиши менен АКШ-Орусия мамилесинин жакшыруу мүмкүнчүлүгү себеп болгону аталууда. Доллар башка валюталарага карай бекемделип, анын ичинде евро менен курсу теңдешип турганда рублдин долларга карай бекемделиши өзгөчө маанилүүү дейт Lombardi letter аналитикалык борборунун талдоочусу Алессандро Бруно.
“2017-жыл рубль үчүн андан да ийгиликтүү болуп”, ал президент Владимир Путиндин АКШ жана Европа Биримдигинин санкцияларына туруштук бергенин далилдейт дейт Бруно. (AiT)