Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Бишкекте гандбол боюнча чемпионат өтөт


Архив
Архив

Уландар жана кыздар арасында гандбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу ушул жылдын январь айынын аягында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациянын президенти Максат Сабиров "Азаттыкка" билдирди.

Чемпионатка 13 жаштан 17 жашка чейинки курактагы улан-кыздардан куралган 10го жакын команда Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек, Каракол шаарларынан катышат.

- Гандбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу жылына беш-алты жолу Кыргызстандын аймактарында өтүп келет. Учурда негизги басымды өспүрүмдөр арасындагы мелдештерге жасап жатабыз. Биз жакшы ойногон оюнчулардан улуттук курама командабызды түзүшүбүз керек. Алдыда Азия жана Олимп оюндарына катышууга даярданышыбыз зарыл. Кыргызстандын гандболчулары бир катар эл аралык мелдештерге катышып тажрыйба топтоодо. Былтыр Орусиянын Воронеж шаарында жана Өзбекстандын Наманган шаарында болгон эл аралык мелдештерге катышып келишти, - деди Максат Сабиров.

Буга чейин мелдештин 4-январда Бишкекте өтөрү алдын-ала белгиленген. Бирок, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттик тарабынан каржы маселеси кечиктирилгендиктен мелдешти өткөрүү убактыcы артка жылдырылган. (ECh)

XS
SM
MD
LG