Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Додон Румыниянын экс-президентин Молдова жарандыгынан ажыратты


Молдованын жаңы шайланган президенти Игорь Додон Румыниянын батышчыл мурунку президенти Трайян Бэсескуну Молдова жарандыгынан ажыратуу боюнча жардыкты 3-январда чыгарды. Анда Бэсеску жарандыкты мыйзамсыз алган деп белгиленген. Трайян Бэсеску жана анын аялы өткөн жылы ноябрь айында Молдованын Бухарестеги элчилигинде Молдова жарандыгын алган болчу. 2004-2014-жылдары президент болгон Бэсеску Молдованы Румынияга кошуп, Европа Биримдигин карай бирге барууну көздөгөн. Бирок Орусия менен байланышты күчөтүүнү көздөгөн Додон Бэсескуну Молдова жарандыгынан ажыратып, анын саясий жараяндарга катышуусуна чек койду. Бэсеску Додондун чечимин “саясий” чечим деп атап, ал менден “коркот” деди. Бэсеску Румыния президенти кезинде Молдова жарандары Румыния жарандыгын алуу укугуна ээ болуп, аны менен Европа биримдигинин жараны болуусуна жол ачылып жаткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG