Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Алайда жер көчкү түштү


Алай району, Чакмак айылы
Алай району, Чакмак айылы

Ош облусунун Алай районундагы Чакмак айылында бүгүн саат 16:30да болжол менен 3000 метр куб жер көчкү түштү. Андан адамдар жабыркаган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер көчкү үйлөргө 130 метр жетпей токтогон.

Бүгүн эртең менен жер көчкү жылуусу байкалгандыктан Чакмак айылынын 25 тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Учурда көчкү түшкөн аймактагы абалды жергиликтүү бийлик көзөмөлдөп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG