Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Трамп шайлангандан кийинки биринчи маалымат жыйынын өткөрөт


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Твиттерге жазганына караганда, ал 8-ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкенден кийинки биринчи маалымат жыйынын 11-январда Нью-Йоркто өткөрөт. Андан тогуз күндөн кийин анын президенттик кызматка киришүү алдындагы ант берүү аземи болот. Маалымат жыйынында Трамп президенттик менен ишкерлик кызыкчылыгынын кагылышуусуна жол бербөө боюнча чечимин жарыялайт деп күтүлүүдө.

Дональд Трамп маалымат жыйынын эң узак убакыт бою өткөрбөй келген шайланган президент болууда. Ал коомчулук жана маалымат каражаттары менен Твиттер аркылуу байланышууну артык көрүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG