Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Ирандагы араб жикчилдери мунай түтүгүн жардырышканын билдиришти


"Аль-Ахваз Араб эркиндиги үчүн күрөшүү" кыймылы 4-январда өз сайтына жарыялаган маалыматта Хузестан регионунда эки мунай түтүгүн бомба менен жардырышканы айтылат. Ирандын ички иштер министрлиги ал маалыматты төгүндөдү. Жикчилдер алардын аракети Тегерандын чет өлкөлүк мунай компаниялары менен келишимине каршы багытталганын белгилеген. Ахваз арабдары Ирак менен чектешкен Ирандын Хузестан регионунда азчылыкты түзөт. Куралдуу топ автономия жана эркиндик үчүн көп мезгилден бери күрөшүп келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG