Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Президент Атамбаевдин Кытайга иш сапары башталат

Эки өлкөнүн президенттери, 2-сентябрь, 2015-жыл, Бээжин.
Эки өлкөнүн президенттери, 2-сентябрь, 2015-жыл, Бээжин.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Атамбаев баштаган делегация Кытайга иш сапар менен бүгүн түштөн кийин учуп кетет. Сапардын жүрүшүндө расмий Бээжин өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланат.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда Өзбекстандагы сапары учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун жүзөгө ашыруу маселеси Кытайга сапарында көтөрүлө турганын маалымдаган.

Буга чейин расмий Ташкен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын позициясын колдогон эле. (NT)

XS
SM
MD
LG