Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

КУУ кызматкерлери окуу жайдагы коррупция тууралуу маалымат беришет


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаш кызматкерлери бүгүн Бишкекте окуу жайдагы коррупция тууралуу маалымат беришет. КУУнун тарбия жана жаштар саясаты департаментинин жетекчиси Нургазы Майрыков, студенттик корпус жана жатаканалар башкармалыгынын директору Самат Алдашев, Жаштар иштери бөлүмүнүн башчысы Уларбек Бакырдинов жана окутуучу Мирбек Шарабидинов университеттин жетекчилиги мыйзам бузууларга жол берип жатат дешүүдө.

Жарандык активист, КСДП мүчөсү Ренат Самудиновдун маалыматына караганда, окуу жайдагы коррупция маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген. Мындан мурда университет жетекчилиги турникет орнотуу үчүн студенттерден акча чогултуп, жарандык активисттердин кийлигишүүсү менен токтотулган. Ректор ал акча ээлерине кайтарыларын убада кылганы менен, студенттер азырга чейин аны ала албай жүргөндүктөрүн кабарлап жатышканын Самудинов кошумчалады. Окуу жай жетекчилиги буга комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG