Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:15

УКМК Түркиядагы кыргызстандык делген паспорттор боюнча маалыматты териштирет


Түркияда кармоолор улантылууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Түркиядагы кыргызстандык паспорттор боюнча маалыматты текшерүүдө. Бул тууралуу аталган органдын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтуусунда, Стамбулдагы теракт боюнча эки өлкөнүн атайын кызматтары байланышта иш алпарууда.

- Жаңыдан маалымат каражаттарына чыккан кабарлар боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөт,- деди Сулайманов.

Буга чейин Түркиядагы “Хүрриет” басылмасы Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кыргын салган адам менен байланышта болду делген үч үй-бүлө Измир шаарында кармалганын жазып чыккан.

Анда кармалган 40 адамдын айрымдары кыргызстандык паспорту менен жүргөнү кабарланган. Кармалган адамдар уйгур улутундагылар экени айтылууда.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG