Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Сарпашев: Түркияда табылган паспорттор жасалма болушу мүмкүн


Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев.
Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев.

Түркияда Стамбулдагы кол салууну уюштурууга шектүү менен байланышта болгон адамдардан табылган кыргыз паспорттору жасалма болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынан төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтуусунда, шектүү адамдардын жанынан табылды делген паспорттор Каттоо кызматынан берилбей, жасалма түрдө даярдалышы мүмкүн. Буга карабай учурда бул маалымат текшерилип жатканын Сарпашев кошумчалады.

Буга чейин Түркиядагы “Хүрриет” басылмасы Стамбулда түнкү клубга кыргын салган адам менен байланышта болду делген үч үй-бүлө Измир шаарында кармалганын жазып чыккан. Андагы 40 адамдын айрымдары кыргызстандык паспорту менен жүргөнү кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG