Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Кытай менен дипломатиялык алака түзүлгөнүнө 25 жыл толду


Кыргызстандын Кытай менен дипломатиялык алака түзгөнүнө 25 жыл толду. Бул датага байланыштуу эки өлкө башчылары Алмазбек Атамбаев менен Си Цзинпин куттуктоо телеграммалары менен алмашты.

Кыргыз президентинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев 25 жыл аралыгында Кыргызстан менен Кытай активдүү саясий диалог тузүп, ийгиликтүү соода-экономикалык жана маданий алака түзө алганын белгилеген.

Си Цзинпин эки өлкө ортосундагы алаканын өнүгүшүнө жогору маани берерин жана Кыргызстан тандаган багытты колдой турганын билдирген.

Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. 2015-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1,1 миллиард долларды түзгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG