Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

“Эйр Кыргызстан” кытай компаниясы менен ишкана түзүүнү көздөөдө


“Эйр Кыргызстан” мамлекеттик аба компаниясы кытайлык China Southern Airlines компаниясы менен биргелешкан компания түзүүнү пландоодо. Бул жөнүндө Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов China Southern Airlines компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Лян менен жолугушууда талкууланды.

Буга чейин кытайлык компаниянын 100 пайыздык акциясы мамлекетке тийиштүү “Эй Кыргызстандын” 49 пайыздык акциясын сатып алууга кызыкдар экенин билдирген эле.

Мунун алкагында биргелешкен аба компания түзүп, учактарды жаңылап жана жаңы каттамдарды ачуу пландалууда.

Кыргыз тарап бул маселени терең талкуулап, тиешелүү органдар менен бирге чечим кабыл аларын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG