Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Жалал-Абад шаардык кеңешинде эки аял мандатка ээ болот


Жалал-Абад
Жалал-Абад

31 депутаттан турган Жалал-Абад шаардык кеңештин курамында эки аялга гана мандат берилет.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев “Азаттыкка” билдирди. Шайлоодо жеңишке жетишкен партиялар мандат бөлүштүрүүдө өз тизмелериндеги катар орундарын өзгөрткөн. Мындан улам Социал-демократтар жана “Ата-Журт” партияларында бирден аял депутатка мандат берилгени жатат. Ал эми калган “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана “Республика-Ата-Журт” партияларынын курамын жалаң эркектер түзөт.

Ошол эле учурда Жүндүбаев шайлоо мыйзамында партиялардын мандат бөлүштүрүүдө 30% аялдар түзүүсү керек деген талап жоктугун жана бул мыйзамдын катачылыгы экендигин белгиледи.

Шаардык кеңешке жети партия ат салышкан. Шайлоо баскычынан өткөн КСДП 10 мандат, “Өнүгүү-Прогресс” 8, “Ата-Журт” 5, “Кыргызстан” 5 жана “Республика Ата-Журт” партиясы үч мандатка ээ болгон. Шаардык кеңештин алгачкы сессиясы 12-январга белгиленди.(RsK)

XS
SM
MD
LG