Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:19

Тил комиссиясынын төрагалыгына Назаркул Ишекеев дайындалды


Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп Назаркул Ишекеев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мурдагы төрага Эгемберди Эрматов өткөн айда кызматынан бошотулган.

62 жаштагы Ишекеев буга чейин билим берүү министринин орун басары, Кыргыз Улуттук университетинин проректору болуп эмгектенген.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG