Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Активисттин соцтармакта жазганы боюнча сот чечими чыкты


Дастан Бекешовдун соцтармактагы баракчасы.
Дастан Бекешовдун соцтармактагы баракчасы.

Бишкектин Октябрь райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековго карата Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун арызы боюнча сот чечимин чыгарды. Анда сот Аскарбековду буга чейин Facebook социалдык тармагына депутат тууралуу жазган сөздөрүн толук төгүндөөнү жана бул төгүндөөнү бир ай бою социалдык тармактан өчүрбөөнү милдеттендерди.

Ал эми айыптоочу тарап талап кылган 20 миң сомдук айыппул төлөө өтүнүчүн сот четке какты.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун айтуусунда, Аскарбеков бул чечимге макул эмес жана шаардык сотко доо арыз менен кайрылат.

Былтыр 19-июлда активист Мавлян Аскарбеков эл өкүлү Бекешов дүлөй жана азиздер коомдук бирикмесиндеги мыйзамсыз иштерге аралашкан деген мазмундагы пост жазган. Бул постту депутат адамдык абийирине шек келтиргенин айтып, жарандык активистти сотко берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG