Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланды


Көчмөндөр оюндарынын маданий программасы өткөн "Кырчын" жайлоосу.
Көчмөндөр оюндарынын маданий программасы өткөн "Кырчын" жайлоосу.

2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жарлыкта Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандар, жаштар адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү болууга жана өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш экени айтылат.

“Ошондуктан, азыркы шартта заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу, өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат”,- деп белгиленген.

Президенттин жарлыгынын негизинде өкмөткө бул жылды өткөрүү боюнча атайын комитет түзүп, иш-чаралар планын бир ай ичинде иштеп чыгуу милдети жүктөлдү. Аталган планда жарандардын руханий жана адеп-ыймандуу адамды тарбиялоо боюнча иштерди координациялоо, балдардын шык жөндөмүн ачуу жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу боюнча иштер камтылышы керек.

Былтыр президент жарлыгы менен Кыргызстанда Маданият жана тарых жылы болуп жарыяланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG