“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Бишкек мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция колдоп жаткан учурдагы шаар башчысы Албек Ибраимовду теледебатка чакырды. Абдылдаевдин ырасташынча, борбор калаа башчысын шайлоодо бишкектиктердин жалпы берген добуштарынын бүтүндүгү сакталышы керек. Анын пикиринде, Бишкекте көптөн бери жарандардын ою эске алынбай, атаандашсыз мэр шайлоо жүрүп жатат.
- Бишкек шаарынын депутаттары шайлоочулардын добуштарынын аркасы менен келгени эсинде болушу керек. Мэрди шайлоо 45 адамдын гана чечими эмес, Бишкек шаарынын бардык жашоочуларынын кызыкчылыктарын чагылдырышы керек. Ошондуктан бишкектиктер шайлоо процессине активдүү катышуусу зарыл, - дейт Абдылдаев.
Мэр Албек Ибраимов жарандардын кызыкчылыгын эске алса бул чакырыкка макул болушу керектигин Абдылдаев кошумчалады.
Шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк мэрлик кызматка азыркы шаар башчысы Албек Ибраимовду көрсөткөн. Ал эми оппозициялык азчылыкта калган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштады. Мэр шайлоо 11-январда өтмөкчү. (BkA)