Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Стамбулдагы түнкү клубга кол салган уйгур улутундагы адам болушу мүмкүн


"Рейна" түнкү клубунда жасалган кол салуу 39 адамдын өмүрүн алган.
"Рейна" түнкү клубунда жасалган кол салуу 39 адамдын өмүрүн алган.

Стамбулдагы түнкү клубга кол салган уйгур улутундагы адам болушу мүмкүн. Бул тууралуу 5-январда Түркиянын премьер-министринин орун басары Вейси Кайнак билдирди.

Ал кылмышкер учурда кармала электигин айтты. Вейси ошондой эле түрк бийликтери кол салган адамдын каякта экенин аныкташканын кошумчалады.

Түрк тилдүү уйгурлар негизинен Кытайдын Шинжаң уйгур автоном облусунда байырлашат. Ошондой эле алардын ири диаспоралары Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Түркияда бар.

Бүгүн полиция Стамбулдун айрым райондорунда рейд жүргүзүп калабага катыштыгы бар деген бир нече адамды камакка алган.

“Анадолу” мамлекеттик маалымат агенттиги кармалгандар уйгур улутундагылар экенин кабарлады.

1-январга караган түнү “Рейна” түнкү клубуна жасалган чабуулдан 39 адам өлүп, 70тен ашууну жарадар болушкан. Кандуу калаба үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өз мойнуна алган.

Бир күн мурда Түркиянын тышкы иштер министри бийлик негизги шектүүнүн тек-жайын аныктаганын айтып, кошумча маалымат берген эмес.

XS
SM
MD
LG