Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

6-январга аба-ырайы


Кыш.
Кыш.

Шашылыш билдирүү:

7-январга чейин созулчу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, кар күрткүсү топтолот, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

6-январда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарында туман түшөт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -23…-28, күндүз -14…-19;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -10…-15 суук.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2 - 7 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -2…-4° суук, күндүз -1…+1 градус жылуу болмокчу.

XS
SM
MD
LG