Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Сөз эркиндигин коргоо комитети Аскарбековго карата сот чечимин айыптады


Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Сөз эркиндигин коргоо комитети жарандык активист Мавлян Аскарбековдун Facebook социалдык тармагындагы жазгандары боюнча сот чечимин чыгарышын айыптады. Мындай билдирүүнү аталган комитет бүгүн таратты. Анда социалдык тармакка жазган пикир үчүн жоопкерчиликке тартуу өнөгү түзүлгөнү ырасталып, бул мыйзамга кайчы келери белгиленген.

Комитеттин ырасташынча, социалдык тармактар ММК катары саналбайт. Ошондуктан, муну сөз эркиндигине кысым катары баалоого болот.

Бишкектин Октябрь райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековго карата Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун арызы боюнча сот чечимин чыгарган. Анда сот Аскарбековду буга чейин Facebook социалдык тармагына депутат тууралуу жазган сөздөрүн толук төгүндөөнү жана бул төгүндөөнү бир ай бою социалдык тармактан өчүрбөөнү милдеттендирген.

Былтыр 19-июлда активист Мавлян Аскарбеков эл өкүлү Бекешов Кыргызстандагы дүлөйлөр жана азиздер коомдук бирикмесиндеги мыйзамсыз иштерге аралашкан деген мазмундагы пикирин жазган. Аны депутат адамдык абийирине шек келтиргенин айтып, жарандык активистти сотко берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG