Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Эл аралык мунапыс уюму Ирактын куралдуу кошуундарын айыптады


"Ислам мамлекети" радикал уюмуна каршы согушуп жаткан Ирак күчтөрү.
"Ислам мамлекети" радикал уюмуна каршы согушуп жаткан Ирак күчтөрү.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Ирактагы өкмөттүк күчтөр менен биргеликте “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөшүп жаткан куралдуу кошуундарды аскер кылмыштары үчүн айыптады.

Укук коргоочулар белгилегендей, шииттердин куралдуу кошуундары АКШ, Евробиримдик, Орусия жана Ирандан алган куралдарды суннилерди өлтүрүп, уурдап жана кыйноого колдонуп жатышат.

Amnesty International Иракка курал-жабдык жеткирген өлкөлөрдү анын аскерий кылмыштарга колдонулбашына чара көрүп, көзөмөлгө алууга чакырды.

Ирактын бийликтери жана Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да бул боюнча өз камтамачылыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG