Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:23

Измирде кармалган шектүүлөр арасында кыргызстандыктар жок


Түрк полициясы

Алдын ала маалыматтар боюнча, Измирде кармалган шектүүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, тышкы саясий мекеме Стамбулдагы теракт боюнча кабарларга тыкыр көз салууда.

Буга чейин Түркиядагы басылмалар Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кыргын салган адам менен байланышта болду делген үч үй-бүлө Измир шаарында кармалганын жазып чыккан. Кармалган 40 адамдын жыйырмасы жаш балдар. Кармалгандар арасында кыргызстандык, дагенстандык жарандар жана Кытайдын Чыгыш түркстан аймагынан адамдар бар экени айтылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG