Франциянын полициясы Сербия өкмөтүнүн суранычы менен Косовонун мурдагы премьер-министри Рамуш Харадинайды кармады.
Учурда Косово оппозициясынын башында турган Харадинай Франциянын чыгышында, аэропортто кармалган. Азырынча француз бийликтери аны Сербияга өткөрүп берер-бербеси белгисиз. Сербияда Харадинай аскерий кылмыштарга айыпталууда.
Косовонун азыркы бийликтери бул окуяны сынга алды жана Тышкы иштер министрлиги мурдагы өкмөт башчыны куткарып алуу аракети көрүлүп жатканын маалымдады.
2015-жылы Харадинай Словения полициясы тарабынан кармалып, териштирүүдөн соң коё берилген.
Харадинай Косовонун көз карандысыз болушуна алып келген 1998-1999 жылдардагы куралдуу жаңжалда косоволук козголоңчулардын башында турган. Сербия аны этникалык сербдердин өлүмүнө айыптаган.
Харадинай өзү бул дооматтарды четке кагып келет. Ал 2005-жылы өз ыктыяры менен премьер-министрликтен кеткен. Анын ишин мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибунал караган. 2008-жылы Харадинай далилдердин жетишсиздигинен улам акталган. Эки жылдын кийин бул чечим жокко чыгарылып, кайра каралаган. Жыйынтыгында Рамуш Харадинай толук акталган.