Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Сириянын Жабла шаарында болгон теракт 14 адамдын өмүрүн алды


Жабла шаарындагы жардырууда ондон ашуун адам курман болду.
Жабла шаарындагы жардырууда ондон ашуун адам курман болду.

Сириянын Латакия провинциясында жайгашкан өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндөгү Жабла шаарында жасалган жардырууда ондон ашуун адам мерт кетип, 25тейи жаракат алышты. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик телеканалы кабарлады.

Бул Сириядагы ок атышпоо келишими күчкө киргенден кийинки алгачкы чоң жардыруу.

29-декабрда Орусия менен Түркиянын ортомчулугу алдында тараптар ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Анда Сириядагы ок атууну токтотуп, Башар Асаддын өкмөтү менен оппозиция ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо каралган.

Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн ушул айда Казакстандын борбору Астанада өткөрүүнү сунуштаган.

Кийин бул келишимдин негизинде атайын резолюцияны БУУнун Коопсуздук кеңеши колдоого алган.

Шаар борборунда уюштурулган теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна ала элек.

Латакия провинциясында Орусиянын аскерий күчтөрү жайгашкан Хмеймим аэродрому бар.

XS
SM
MD
LG