Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:13

Жон Маккейн: АКШ Путинге эффективдүү жооп кайтарышы зарыл


Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси Жеймс Клеппер жана Улуттук коопсуздук боюнча агенттиктин башчысы Майк Рожерс.
Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси Жеймс Клеппер жана Улуттук коопсуздук боюнча агенттиктин башчысы Майк Рожерс.

АКШ Сенатынын Куралдуу күчтөр комитетинде орусиялык хакерлердин Кошмо Штаттарда 2016-жылдын ноябрь айында өткөн президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу угуулар башталды.

Алгач сөз сүйлөгөн сенатор, комитет башчысы Жон Маккейн АКШ Орусиянын президенти Владимир Путиндин Вашингтонго каршы аракеттерине, Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалга кийлигишүүсүнө жана Крымды аннексиялап алышына эффективдүү жооп кайтарышы керектигин айтты.

Сенатор-демократ Жек Рид Орусиянын өкмөтү жөн эле Демократиялык партиянын электрондук почталарына жасалган чабуулга катышпастан, жалган маалыматтарды таратуу менен америка элин адаштырууну жана Американын демократиясына шек келтирүүнү көздөгөнүн билдирди.

Республикачыл Жон Маккейн башында турган Куралдуу күчтөр боюнча комитетте бүгүн Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси Жеймс Клеппер, Улуттук коопсуздук боюнча агенттиктин башчысы Майк Рожерс жана коргоо министринин орун басары Марсел Леттр отчет беришет.

Хакерлердин электрондук почталарды бузуп киришин демократтар менен АКШнын чалгын кызматтары расмий Москванын республикачылардын талапкери Дональд Трамптын жеңишине жардам берүү аракети катары баалашкан.

Трамп буга чейин бул билдирүүлөр далилсиз экенин айтса, Орусия айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG