Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Косовонун мурдагы премьери камактан чыга элек


Косово.
Косово.

Франция соту Косовонун экс-премьер-министри Рамуш Харадинайдын камактагы мөөнөтүн Сербиянын экстрадициялоо өтүнүчүнө байланыштуу узартты. Өлкө түштүгүндөгү Кольмар шаарынын соту 5-январда аны эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотуудан баш тартты.

Харадинай 1998-99-жылдары Косоводогу согуш учурунда талаа командири болгон. Расмий Белград аны конфликт маалында аскердик кылмыштарга барган деп айыптап келет. Харадинайдын «Косовонун келечеги үчүн альянсы» партиясынан соттун өкүмү туура эместигин “Азаттык” радиосуна ырастады. Ушундай эле билдирүү менен буга чейин Приштина бийлиги чыккан.

Харадинай 2004-2005-жылдары Косовонун өкмөтүн жетектеген. Анын 4-январда Францияда аэропорттон кармалышы Сербиянын айыбын “мыйзамсыз, негизсиз” деп атаган Косовонун катуу нааразылыгын жаратууда.

XS
SM
MD
LG