Таласта гидроцефалия менен жабыркаган үч жашар баланын атасы автоунааны уулун ташуу үчүн сатып алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен “Азаттык” радиосуна билдиришти.
Буга чейин жергиликтүү маалымат булактарында аталган министрликке шилтеме берүү менен үч жашар Рахманберди Шырдакбековдун дарылануусу үчүн президент Алмазбек Атамбаев берген 100 миң сомго атасы машине сатып алганы тууралуу кабар тарап, коомдун катуу талкуусун жараткан.
Мекеме бул маалымат туура эмес экенин, атасы баланы ооруканага жеткирип туруу максатында автоунаа алганын жана аны менен акча таап, үй-бүлөсүн багып жатканын ырастады. Ошол эле маалда наристе жардамге муктаж. Ал төрөлгөндөн кийин башында шишик бар экени аныкталып, азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда Талас облусунун Кара-Суу айылында турат. Былтыр ага президент 100 миң сом жардам берген.
Жалпысынан Таласта өткөн жылы гидроцефалия же мээде жүлүн суюктугунун көбөйүшүнөн улам башы чоңоюп кеткен 50 бала ооруканага түшкөн. Облустук биргелешкен оорукананын дарыгерлери билдиргендей, мындай дартка чалдыккандардын көпчүлүгү бир жаштан беш жашка чейинки эркек балдар.