Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороев абактан чыкты


2010-жылдын 8-апрели.
2010-жылдын 8-апрели.

2010-жылга чейинки президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Мындай маалыматты Жаза аткаруу кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, Жороев абак мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнү эске алынып, ушундай чечим чыгарылган.

Буга чейин Апрел окуялары боюнча соттолгон президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев да мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган эле.

Жороев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын башчысы болуп эмгектенген. Ал 2010-жылдагы Апрел окуясында тынч жарандарга ок атууга күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Жороев жана башка айыпталуучулар былтыр Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата берилген мунапыска илинип, бирок республикалык Аскер соту бул чечимди кийин жокко чыгарган.(BkA)

XS
SM
MD
LG