Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

China Airlines менен биргелешкен компания түзүү сүйлөшүүлөрү уланууда

China Southern Airlines компаниясынын учагы.
China Southern Airlines компаниясынын учагы.

“Эйр Кыргызстан” мамлекеттик аба компаниясы кытайлык China Southern Airlines компаниясы менен биргелешкан компания түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Эйр Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов билдирди.

Анын айтуусунда, буга чейин кытайлык компаниянын өкүлдөрү келип, Транспорт жана жолдор министрлиги менен жолугушуу өткөрдү. Эми дагы жолугушуулар пландалууда.

Буга чейин кытайлык компания 100 пайыздык акциясы мамлекетке тийиштүү “Эй Кыргызстандын” 49 пайыздык акциясын сатып алууга кызыкдар экенин билдирген эле.

Бектурганов биргелешкен компания түзүү “Эйр Кыргызстан” компаниясын өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген үмүтүн билдирди.

- China Southern Airlines компаниясы Кытайда учактарынын саны боюнча биринчи орунда турат экен. Анын паркында 700дөй учак бар экен. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча үчүнчү орунда турат экен. Эгер аталган компания менен биргелешкен компания түзсөк, биз аркылуу учкан жүргүнчүлөр көбөйүп, аэропортторду хабга айландырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт,- деди Бектурганов.

Ошондой эле биргелешкен аба компания түзүлсө, учактарды жаңылап жана жаңы каттамдарды ачуу пландалып жатканын Бектурганов кошумчалады.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG