Түркия АКШ баштаган эл аралык коалицияга Сирия чегине жакын жердеги Инжирлик базасын колдонууга уруксат берген чечимин кайра карап чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу түрк вице-премьер-министри Вейси Кайнак жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.
- Элибиз бул боюнча суроолорду берип жатканын, алардын талабы өкмөттүн күн тартибинде болорун белгилегибиз келет. Албетте, эл аралык келишимдерди да эске алуу керек. Биз чын жүрөктөн айтабыз: эгерде жалпыбыз тааныган террордук уюм болсо, анда бирге күрөшөбүз. Чогуу күрөшпөсөңөр, өз алдынча күрөшөбүз, тоскоол болбогула,- деди Кайнак.
“Ислам мамлекети” террордук тобун абадан бутага алуу үчүн АКШ баштаган коалиция Инжирлик аба базасын колдонсо, сириялык күрттөр кургактан чабуул коюп келет. Бирок түрк өкмөтү коалициянын күрт өнөктөштөрүн “террористтер” деп атап, аларды Түркиядагы кандуу чабуулдарга айыптап жатат. Түрк вице-премьер-министри коалиция аба базаны Түркияны колдоо үчүн сейрек колдонорун айтты.