Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

О оператору баланс толтуруу акысын кымбаттатпаганын жарыялады


О мобилдик оператору бирдиктүү жүктөөдөгү комиссиянын кымбатташына тиешеси жок. Бул тууралуу операторго ээлик кылган “Нуртелеком” компаниясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-январдан тарта баланс толуктоодогу комиссиянын кымбатташы төлөм системасындагы операторлордун демилгеси менен болгон.

Компания комиссиянын эки эсе негизсиз жогорулашын туура эмес деп эсептерин билдирип, бул маселени чечүү үчүн иш алып барып жатканын кошумчалады.

Өкмөт алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков бул маселе боюнча төлөм операторлору менен бул маселенин тегерегинде бүгүн жолугушуу өтөрүн маалымдады.

1-январдан баштап О мобилдик операторунун абоненттерине бирдик жүктөөдөгү комисия 5 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн эле. Буга байланыштуу социалдык тармактарда бул оператордун кызматынан колдонуудан баш тартууга чакырган акция өтүүдө.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG