Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

“Викиликске” маалымат берген орус расмийлери аныкталганы кабарланууда


"Викиликстин" негиздөөчүсү Жулиан Ассанж.
"Викиликстин" негиздөөчүсү Жулиан Ассанж.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы хакердик жол менен алынган электрондук каттарды “Викиликс” уюмуна берген орус расмийлерин аныктаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. “Вашингтон Пост” гезити жана “Рейтер” агенттиги билдиргендей, Демократиялык партиянын каттарын президент Владимир Путиндин көрсөтмөсү менен “Викиликске” берген орус расмийлеринин тек-жайы такталды. Чалгын кызматтары 5-январда президент Барак Обамага бул тууралуу маалымат берип, жума күнү шайланган президент Дональд Трампты да кабардар кылат деп күтүлүүдө.

Жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарышы аркылуу аты чыккан “Викиликс” уюмунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Демократиялык партиянын жана анын талапкери Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүн жетектеген Жон Подестанын электрондук каттарын орус өкмөтүнөн албаганын айткан. Анын пикирин Дональд Трамп да колдоп чыккан.

Шайлоо өнөктүгү маалында ачыкка чыгып кеткен каттарда Демократиялык партиянын жетекчилиги Берни Сандерс эмес, Хиллари Клинтондун негизги талапкер болуусу үчүн жан үрөгөнү белгилүү болгон. АКШдагы демократтар мындай хакердик чабуулдар президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизгенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG