Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Байден Трампка “токтолгун” деди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын вице-президенти Жо Байден шайланган президент Дональд Трампка “токтолгун” деп, анын чалгын кызматтары менен ачык тирешин сынга алды. Ал Американын PBS телеканалына курган маегинде, Трампты чоң адамдай ой жүгүртүүгө чакырып, президенттин чалгын кызматтарынын маалыматтарын көз жаздымда калтыруусу туура эмес деп билдирди

Байдендин бул сөздөрү Трамп АКШ шайлоосу маалындагы Орусия уюштурду делген хакердик чабуулдар тууралуу маалымат алар күнгө туш келди. Трамп киберчабуулдар шайлоонун жыйынтыгына таасир этпегенин айтып келет.

АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси Жеймс Клеппер 5-январда Сенаттагы жыйында Москванын ноябрдагы президенттик шайлоого таасир тийгизгенине мурдагыдан да көбүрөөк ишенип турганын билдирди. Орусия киберчабуулдар боюнча айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG