Шашылыш билдирүү:
7-январга чейин созулчу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, кар күрткүсү топтолот, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Аба ырайы:
7-январда Кыргызстандын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында туман түшөт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30, күндүз -15…-20;
Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -…-5;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -11…-16 суук.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт. Күндүз күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2 - 7 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -6…-8° суук, күндүз 0…-2 градус жылуу болмокчу.