Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Тажик активистинин абак мөөнөтү дагы үч жылга узартылды


Бузургмехр Ёров.
Бузургмехр Ёров.

Тажикстандын соту белгилүү укук коргоочу Бузургмехр Ёровдун абактагы мөөнөтүн дагы үч жылга узартты.

Октябрь айында Душанбе шаардык соту Ёровду бийликти кулатууга элди чакырган жана коомдук нааразылыкты козуткан деген айыптар боюнча 23 жылга эркинен ажыраткан.

Баш аягы 26 жылдык абак жазасын алган Ёров күнөөсүз экенин айтып, өзүнө коюлган айыптар саясий максатты көздөрүн билдирип келет.

Ал 2015-жылы Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын 13 мүчөсү жана лидерлеринин адвакаты болчу.

“Хьюман Райтс Уотч” уюму Ёров баштаган беш тажик укук коргоочусун түрмөдөн бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG