Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Президенттик аппарат “Сентябр” телеканалына жооп берди


Президенттин маалымат жыйынына келген журналисттер.
Президенттин маалымат жыйынына келген журналисттер.

Президенттик аппарат “Сентябр” телеканалынын кабарчыларынын президент Алмазбек Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына катышуусуна уруксат бербешинин себебин түшүндүрдү.

"Сентябр" телеканалы президенттик аппараттан ушундай расмий кат алды.

Анда телеканалдын сөз эркиндигин жана маалыматты бейтарап чагылдыруу деңгээлин эске алуу менен мындай чечим кабыл алынганы ырасталган.

“Сентябр” телеканалынын жамааты “мамлекеттик органдан маалымат алуу укугун чектелгени үчүн" сотко кайрылышы мүмкүн экенин билдиришти.

Былтыр 1-декабрь күнү президенттин салттуу маалымат жыйынына катышуучу журналисттердин тизмесинен “Сентябр” телеканалынын жана “Фергана” маалымат агенттигинин кабарчылары чийилип салынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG