Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Измирдеги кол салуу боюнча 18 адам кармалды


Измирдеги кол салуу болгон аймак
Измирдеги кол салуу болгон аймак

Түркиянын Измир шаарында 5-январда болгон кол салуу боюнча кеминде 18 адам кармалды. Бул тууралуу юстиция министри Бекир Боздаг чабуулда мерт болгон полиция кызматкерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда билдирди. Министр чагымчыл кол салууну Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясы уюштурганын айтты.

Бейшемби күнү куралчан адамдар сот имаратынын жанында полиция менен атышып, бомба коюлган автоунааны жардырып жиберишкен. Андан полициядан башка бир сот кызматкери мүрт кетип, бир канча адам жаракат алган. Кол салган эки согушкер жок кылынган.

Бул чабуулга эч бир тарап жоопкерчилик ала элек. Жаңы жыл түнү Стамбул шаарында 39 адамдын өмүрүн алган чабуулга шектелген адамды издөө иши уланууда.

XS
SM
MD
LG