Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө макул болбой, мандатын тапшырган Чолпон Жакупованын ордуна “Бир Бол” партиясынан тизмесиндеги Дүйшөн Төрөкулов мандат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Төрөкулов өзү маалымдады. Анын айтымында, БШК 6-январда депутат катары каттап, күбөлүгүн тапшырган. Төрөкулов кийинки аптада жыйында ант берип, кызматына киришет.
Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккан Чолпон Жакупованын депутаттык мандаты 1-январдан тарта токтотулган эле.
Дүйшөн Төрөкулов Ош шаардык дене тарбия, спорт комитетинин башчысы болуп эмгектенген.(BkA)