Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Ак-Cайда калың кардан улам 54 үй-бүлө байланышсыз калды

Ат-Башыдагы Ак-Cай өрөөнүндө калың жааган кардан улам каттам жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндөгү кыштоо сарайларында 54 үй-бүлө мал жандыктары менен калган.

Кечээ райондук жол тейлөө ишканасынын унаалары жолду тазалоого киришти. Ошондой эле Ат-Башынын тургундары чогулткан 13 жүк ташуучу унаа азык-түлүк жана малга тоют, жардам иретинде жөнөтүлдү.(BkA)

XS
SM
MD
LG