Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Бишкек ЕККУнун борборунун макамы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


Кыргызстан Европа коопсуздук жана келишим уюмунун Бишкектеги миссиясынын макамы боюнча бул уюмга мүчө өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта башталчу консультациялар уюмдун мындан аркы ишмердиги жана Бишкектеги борборунун макамы боюнча өтөт.

Буга чейин кыргыз өкмөтү ЕККУнун Бишкектеги борборунун макамын төмөндөтүп, Программалык кеңсеге айлантуу тууралуу ниетин билдирген эле. Буга байланыштуу эл аралык уюмга атайын нота жиберген. Анда борбордун макамын өзгөртүү жараяны быйыл 1-январдан тарта башталары кабарланган эле.

Расмий Бишкек мындай кадамга Кыргызстанда кылмышкер деп таанылган Кадыржан Батыровдун уюмдун жыйынында сөз сүйлөшүнөн соң барган.(BkA)

XS
SM
MD
LG