АКШнын деңиз аскерлер корпусу быйыл жыл аягына чейин Ооганстанга 300 аскер жайгаштырарын жарыялады. Америкалык аскерлер НАТОнун миссиясынын алкагында ооган күчтөрүн машыктырат.
АКШ аскерлери Ооганстандын тынчы жок Гилменд провинциясында болот. Бул аймакта акыркы убакта талиптер менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышы көп катталууда.
Буга кошумча Гилменддин апийим өскөн аймактары согушкерлердин көзөмөлүндө калган.
НАТО Ооганстандан аскер күчтөрүн 2014-жылы чыгарып кеткен соң он миңге жакын америкалык аскерлер калган. Алар негизинен согушкерлер менен күрөштө ооган күчтөрүн машыктыруу жаатында иш алпарат.