Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:11

Сириянын Аазаз шаарында жардыруудан 43 киши мерт болду


Сириянын түндүгүндөгү Аазаз шаарындагы жардыруудан 40тан ашуун адам мерт болду. Ондогондору жараат алды. Анда шаардагы сот имаратынын жанында автоунаа жардырылган.

Каза болгондордун көпчүлүгү жай тургандар экени кабарланууда. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек.

Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Аазаз шаарына “Ислам мамлекети” террордук тобу бир нече жолу чабуул жасаган.

Бул шаарда Түркия колдогон Сириянын оппозициячыл эркин армиясынын таасири күчтүү.

XS
SM
MD
LG