АКШнын Флорида штатындагы аба майданда ок чыгарган адамга айып тагылды. 26 жаштагы Эстебан Сантьяго адам өлүмүнө алып келген зордукчул аракет жасаган деп айыпталууда.
Эгер анын күнөөсү далилденсе, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.
Ошондой эле Сантьягонун акыл-эси жайында болгон-болбогону текшерилүүдө. Буга чейин анын жакындары айыпталуучу акыркы учурда психологиялык дарттан дарыланып жүргөнүн айтышкан эле.
Полиция теракт деген версияны да азырынча четке кага элек.
Флоридадагы Форд-Лодердейл аэропортунда 6-январ күнү куралчан кишинин огунан беш адам каза болуп, алты адам жараат алган. Бул кылмышка шектүү катары Ирак согушунун катышуучусу, мурдагы жоокер Сантьяго Эскобар кармалган. Ал Аляска Улуттук Гвардиясында кызмат өтөп, 2016-жылы аскердик милдетин так аткарбаганы үчүн бошотулган.
Федералдык чалгын бюросу билдиргендей, полиция Сантьяго колдонуп жүргөн тапанчаны өткөн жылы алып койгон. Бирок психологиялык текшерүү анын акыл-эси жайында экенин көрсөткөн соң куралды кайра кайтарып беришкен.