Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Калың кардан улам Ак-Сайда калгандарга жардам жеткирилди


Калың жааган кардан улам Ат-Башыдагы Ак-Cай өрөөнүндө байланышсыз калган 54 үй-бүлөгө азык-түлүк жана малга тоют жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин өкүлдөрү жана райондук бийлик 13 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн жардамды Аксайга жеткирип кайтышты. Учурда райондук жол тейлөө ишканасы кыштоо менен район борборун туташтырган жолду тазалап жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG