Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Македония: албан тилине расмий макам берүү талабы айтылды


Македония парламентинин депутаттары
Македония парламентинин депутаттары

Македония парламентине өткөн албан партиялары албан тилин өлкөдөгү экинчи расмий тил катары кабыл алууну талап кылышууда. Бул тууралуу аталган партиялардын бирдиктүү билдирүүсүндө айтылат. Эгер мындай талап аткарылбаса, өкмөттү түзүү үчүн коалицияга кирбей турганын эскертишүүдө.

25-декабрда Македонияда өткөн парламенттик шайлоодо ири партия саналган ВМРО-ДПМНЕ парламенттеги 120 мандаттын 51ин гана алган. Ал эми оппозициячыл Социал-демократтар 49 мандатка ээ болгон. Калган 20 мандат өлкөдөгү этникалык албандар басымдуулук кылган үч партияга тийген.

Эми көпчүлүк коалицияны түзүү үчүн Македониядагы эки партиянын бирине албан партиялары менен биригүүгө туура келет.

Македониянын президенти Георге Иванов коалиция түзүү боюнча мандатты ВМРО-ДПМНЕ партиясына 9-январда берет деп күтүлүп жатат.

Македониянын калкынын 25 пайызын этникалык албандар түзөт.

XS
SM
MD
LG