Кинорежиссер жана спорт ишмери Темир Дүйшекеев 74 жашында каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографисттер союзунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Дүйшекеев акыркы учурда ооруп жүргөн.
Темир Дүйшекеев 1943-жылы туулган. Ал “Ак кеме”, “Эрте келген турналар” сыяктуу кинолордо экинчи режиссер болгон. Мындан сырткары узак жылдар боюнча Көк бөрү федерациясынын баш катчысы болуп, улуттук оюндун өнүгүшүнө салым кошкон.(BkA)