Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Иерусалим: акцияга чыккан жети адам камакка алынды


Иерусалимде нааразылык акциясынан соң жети адам камакка алынды. Алар палестиналыкты өлтүрүүгө айыпталган Израил жоокерине чыккан сот өкүмүнө нааразылык билдиришкен.

Сержант Елор Азарияны Израилдин Аскердик соту 4-январда жарадар болгон палестинди атып салганы үчүн күнөөлүү деп тапкан.

Окуя өткөн жылы март айында Хеврондо болгон. Ал жерде бир аскер бычакталган болчу.

Адвокаттар чечимди жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдиришти. Эгерде өкүм күчүнө кирсе аскер 20 жыл абакта отурат.

Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху жоокер акталышы керек деген пикирин айткан.

XS
SM
MD
LG