Иерусалимдин борборунда жүк ташыган унаа сүзгөн кырсыкта төрт адам каза болду, он бештен ашыгы жараат алды.
Полиция 8-январдагы окуяны атайын уюштурулган “теракт” деп атады.
Жүк ташыган машине топтолуп турган Израил аскерлерин сүзгөн. Унаанын айдоочусу жеринде атып өлтүрүлдү.
Полициянын маалыматы боюнча, каза болгондордун үчөө 20 жашка чыга элек кыздар болгон.
Бул окуя акыркы кездеги палестиналыктар менен Израил жарандарынын ортосундагы бири-бирине кол салуулардан соң катталууда. Былтыркы жылдын сентябрь айынан бери 40 израилдик жана эки америкалык жаран өлтүрүлсө, Израил аскерлеринин огунан 229 палестиналык ажал тапкан.