Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Орус активисти Дадиндин дайыны табылды


Дадинди колдогон акция, Санкт-Петербург, 4-декабрь 2016-жыл.
Дадинди колдогон акция, Санкт-Петербург, 4-декабрь 2016-жыл.

Мыйзамсыз демонстрацияларга катышканы үчүн 2,5 жылга абакка кесилген орусиялык саясий активист Ильдар Дадиндин кайда экени белгилүү болду. Бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай калган активист жубайы Анастасия Зотовага телефон чалып, Алтай крайындагы 5-колонияга жеткирилгенин айткан. Бул тууралуу Зотова социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Дадин ноябрь айында Карелиядагы абакта отурган кезинде кыйноого жана зомбулукка кабылганын айтып, ачык кайрылуу жолдогон. Бийлик активист башка абакка которулаарын билдирип, бирок ал абактын жайгашкан жерин айтуудан баш тарткан.

Федералдык жаза аткаруу кызматынын жетекчи орун басары Валерий Максименко Дадин Алтайдагы абакта экенин тастыктап, анын абалы жакшы деп билдирди.

“Мемориал” укук коргоо уюму Ильдар Дадинди саясий туткундардын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG